Menu

Путин менен Жапаров Сочиде чек ара маселесин да талкуулайт

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Кыргызстандын президенти менен жолугат.

Буга чейин Москва эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда сөз болчу темаларды атаган.

Ага ылайык, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтыкка байланышкан темалар сөз болот. Ошондой эле регионалдык көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө каралат.

Сочидеги жолугушууну утурлай кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат кызматы да маалымат таратты. Анда “мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат” деп айтылат.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: