Menu

«МЭА» ААКнын туунду компаниялары Баткен облусунун жабыркаган тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которушту

Бөлүшүү:

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын эки туунду компаниясы Баткен облусунун жапа чеккен тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которушту. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас Менеджмент Компаниясы»  ЖАКынын жана «Интек» ЖЧКнын кызматкерлеринин 283 миң 938 сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек акысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жапа чеккен мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу төгүмдөр үчүн атайын эсепке которулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: