Menu

Орусиянын юстиция министри эмгек мигранттарын камактагылар менен алмаштыруу сунушун колдоду

Бөлүшүү:

Орусиянын юстиция министри Константин Чуйченко ири объектилерде иштеген эмгек мигранттарын камактагы адамдар менен алмаштыруу тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын сунушун колдоду.

Чуйченконун айтымында, Орусияда 180 миңге жакын киши камактагы мөөнөтүн мажбурлап иштетүү жазасына алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылуу укугуна ээ. Ошол эле маалда өлкөдө болгону сегиз миң гана киши үчүн орундар бар.

“Биз бизнес менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерди түзүп жатабыз. Жазаларды аткаруу кызматы бул багытта активдүү иш алып барууда. Жакынкы пландарыбызда түзөтүү жайлары менен борборлорду көбөйтүү иши бар”, — деди Чуйченко.

Өткөн жумада Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын башчысы Александр Калашников мекеме жумушчу күчү жетишпеген ири объектилерде камактагылардын эмгек лагерлерин уюштурууга даяр экенин билдирген. Ал өлкө камактагылардын жардамы менен эмгек ресурстарынын жетишсиздиги көйгөйүн чечип, ошол эле маалда аларды социалдаштырса болорун белгилеген.

Орусияда камактагыларды ири объектилердеги жумуштарга тартуу демилгеси бир нече жылдан бери түрдүү деңгээлдерде сынга кабылып келет. Орусиянын мыйзамдарында камактагылардын эмгегин түзөтүү мекемесинин сыртында да пайдаланууга уруксат берилген. Ошол эле маалда аларга эмгек акы төлөнүп, изоляция жана күзөт менен камсыз болушу керек.

Орусиянын мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов Жазаларды аткаруу кызматынын бул сунушун колдобойт. Анын айтымында, эмгек мигранттарынын иш тажрыйбасы бар, камактагыларды тиги же бул кесипке үйрөтүү керек болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: