Menu

Казакстанда чагылгандан жараланган бөкөндөр өлгөндөрү менен тирүүлөй көмүлгөн

Бөлүшүү:

Казакстанда Кызыл китептке кирген жаныбарларды тирүүлөй көмүштү. Бөкөндөрдү трактор менен көмүү учуру тартылган видео интернетте тарады. Бул казакстандыктардын нааразылыгын жаратып, жаныбарлар дүйнөсүн коргоого жооптуу аткаминерлерди айыпташууда.

Батыш Казакстан облусунда тартылган видеодо канал жээгинде табылган 400гө чукул кызыл терилүү бөкөндөрдүн сөөгү жараланган тирүү жаныбарлар менен бирге утилизацияланып жатканын көрүүгө болот. Бөкөндөргө чагылган тийген.

Жаңжалдуу видео менен бөлүшкөн блогер Батыр Сейкенов экология министрине кайрылып, уникалдуу жана сейрек жаныбарларды тирүүлөй көмүү канчалык деңгээлде этикага сыйга турганын сурады.

Министрлик жоопкерчиликти жергиликтүү чиновниктерге жүктөдү.

“Өлгөн жаныбарларды чогултуу жана утилизациялоону Таус айылдык аймагынын акимчилиги бир нече жерде жүргүзгөн. Таптакыр туура эмес окуя болду”, –деди Экология министрлигинин басма сөз катчысы Самал Ибраева.

Казакстанда ушул тапта 350 миңден ашуун кызыл терилүү бөкөн бар. Тыюу салууга карабай, браконьерлер жаныбарлардын кымбат баалуу мүйүзүнө кызыгып атышууда. 2019-жылы үч браконьер Караганды облусунда корукчу Ерлан Нургалиевди өлтүрүп кетишкен. Бул үчүн алар өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: