Menu

УКМК: Активист Мелис Аспеков алдамчылыкка шектелип, дагы бир кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Активист Мелис Аспеков алдамчылыкка шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга Б.Л. аттуу жарандан жана анын кызынан эки арыз келип түшкөн. Биринчи арыз ээсинин айтымында, Аспеков анын тууганын түрмөдөн чыгарам деп, андан 15 000 доллар алган. Экинчи арыз жазган айымдын айтымында, активист анын күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берем деп, батирин алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков батирди жубайы М.Н.га кайрадан каттаткан.

Бул факт КЖБPге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча катталган.

Ошондой эле, Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Мелис Аспековду СИЗО-1ге камады.

Мындан тышкары, активисттин башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар же жоктугу аныкталууда. Ушуга байланыштуу, УКМК Аспековдун аракетинен жапа чеккендердин бардыгын Жибек Жолу проспектиси 322 дарегиндеги коомдук кабылдамага же 0 (312) 66-04-75 телефону аркылуу УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: