Menu

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалмакчы.

Талкуу жүрүшүндө депутат Карамат Орозова жакында эле Баткен облусунун калкы кыргыз-тажик чегарасындагы чыр-чатактан улам жабыр тартканын эске салып, алардын абалын жакшыртууга багытталган ушул сындуу бар-жогуна кызыкты.

АРИСтин өкүлү азыр каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын аймактарын өнүктүрүүгө багытталганын, ушул сындуу дагы эки долбоор бар экенин, Баткен облусу мына ошол долбоорлордун биринде камтылганын билдирди.

Белгилей кетсек, бул келишим буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан да жактырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: