Menu

Абу-Даби Азербайжан, Кыргызстан жана Молдовадан келген туристтер үчүн 10 күндүк карантинди алып салды

Бөлүшүү:

Абу-Даби КМШнын үч өлкөсүнөн келген туристтер үчүн 10 күндүк карантинди алып салды. Эми, Азербайжан, Кыргызстан жана Молдовадан келген туристтер 10 күндүк карантинден өтпөйт. Белгилей кетсек, “жашыл” тизме 2021-жылдын 25-апрелинен бери Россия, Өзбекстан жана Тажикстан киргенден бери биринчи жолу жаңыланган.

Жалпысынан жаңыланган тизмеге 29 өлкө кирди, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Бутан, Бруней, Кытай, Куба, Германия, Гренландия, Гонконг, Исландия, Израиль, Япония, Кыргызстан, Маврикий, Молдова, Марокко, Жаңы Зеландия, Португалия, Россия, Сауд Арабиясы, Сингапур, Түштүк Корея, Испания, Швейцария, Тайвань, Тажикстан, Улуу Британия, АКШ жана Өзбекстан.

Бул өлкөлөрдөн келген туристтер Абу-Дабиге келгенден кийин милдеттүү түрдө карантин талаптарын аткаруунун кажети жок, бирок туристтер келгенден кийин ПЧР тест тапшырышат. 

Жашыл тизмеге кирген өлкөлөрдөн келген туристтер борбор шаарга келгенине 6 күн болгондон кийин ПЧР тест тапшырышат. Ал эми башка өлкөлөрдөн келген бардык туристтер Абу-Дабиге келгенде жана сегизинчи күнү ПЦР тестин тапшырып, милдеттүү түрдө 10 күндүк карантинден өтүшү керек.

Буга чейин, борбор калаанын Маданият жана туризм департаментинин аткаруучу директору Али Аль Шайба Абу-Даби 2021-жылдын 1-июлуна чейин бардык чет элдик туристтер үчүн карантинди алып салууну пландап жаткандыгын билдирген.

“Тобокелдик деңгээли жогору жана төмөн өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн тестирлөө протоколдору ар кандай болот, бирок карантин каралбайт”, – деди Али Аль Шайба.

Ошондой эле Дубай менен Абу-Дабинин ортосундагы каттамды жеңилдетүү пландаштырылууда. “Биз туристтер үчүн чек арадан өтүүнү жеңилдетүү жана ыңгайлуу кылуу үчүн атайын процедураларды киргизсек болот”, – деди Аль Шайба.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: