Menu

Жалал-Абадда акыркы коңгуроого байланыштуу алдын алуу иштери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталыштагы рейд өткөрүлдү. Акыркы коңгуроого байланыштуу өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган рейдге мэрия кызматкерлери жана социалдык педагогдор катышышты. Жалал-Абад шаарында максатсыз жана ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле шаар аймагындагы ар кандай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн, экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте парктарда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Эс алуу жайларындагы аттракциондорго түшүүдө жарандарга этият болуу зарылдыгы эскертилди.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучуларын акыркы коңгуроого байланыштуу кабыл алынган чектөөлөрдү туура кабыл алуу менен эрежелерди сактоого чакырышты. Жаратылыш койнунда эс алууга чыгууга да тыюу салынгандыгын эскертишти.

Белгилей кетүүчү жагдай, облустук милиция тарабынан акыркы коңгуроого тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн 700гө чукул кызматкер бөлүнүп, атайын мобилдик кайгулдоо маршруттары түзүлгөн. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: