Menu

Депутат Нурбек Сыдыгалиев тажик аскерлеринин биздин аймакка кирип келүүсүнө жол бергендиги үчүн Коргоо министрин сот жообуна тартууну талап кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы мыйзам долбооруна карата позициясын өзгөртүп жатат деп сындады.

Депутаттар «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карашты.

Жыйында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы мыйзам долбооруна карата терс корутунду бергени белгилүү болду. Ушуга байланыштуу, ЖК комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси Нурбек Сыдыгалиевге маселени кароону кийинки жумага жылдырып, өкмөттүн корутундусун күтүүнү сунушташты.

“Мен Башкы штаб менен сүйлөшкөм, алар корутунду берүүнү убада кылышкан. 2 күндүн ичинде алардын пикири өзгөрдү. Алардын өзүнүн позициясы жок. Тажикстан менен чек арада болгон жаңжал жөнүндө бардыгыбыз билебиз. Биз бул маселени бүгүнкү күнгө чейин көтөрө элекпиз. Биздин аймакка киришти, аны Чек ара кызматы коргоду. Чек ара кызматынан кийин ким жооп бериши керек?  Коргоо министрлиги жооп бериши керек болчу. А силер оозуңуңарды ачып отурасыңар [Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын азыркы өкүлдөрүнө кайрылып]. Мыйзам бар: алар биздин аймакка кирип кетсе, министр жооп бериши керек. Тиешелүү мыйзам бар, ага ылайык Коргоо министрлиги сөзсүз түрдө соттолушу керек. Биринчиден, өткөн окуяларга жооп бересиңер”, – деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорун кароону күн тартибинен алып салып, кийинки отурумдун күн тартибине киргизүү чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: