Menu

Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөт

Бөлүшүү:

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтканын “TASS” маалымат агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Путин коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын да кошумчалады.

Буга чейин кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселесинен тышкары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жана евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтык тууралуу сөз болоору кабарланган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 адам, тажик тараптан 19 адам курман болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Орус президенти Путин бул окуяны тажик президенти Эмомали Рахмон менен 8-майда Москвадагы жолугушуусунда талкуулаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: