Menu

“7-апрель революциясынын баатырлары” Умар Анарбаевди кайрадан “Бакубат Талас” фондуна директор кылып бекитүүнү талап кылат – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго

                                         Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

                                         Нарбеков  Бакытбек  Наркуловичке  

                                       “Альянс Алтын” ЖЧКсынын генералдык директору

                                         Таиров Шайлообек Маматисаевичке 

                                               Кайрылуу 

Биздин Сиздерге  кайрылуубуздун  себеби: “Альянс Алтын” компаниясы 2016- жылдан баштап Жерүй кенин иштете баштады. Маалым болгондой Жерүй кенинин толук кандуу ишке киришүүсү оңой- олтоң болгон жок. Экологиялык маселелер ар дайым көңүл чордонунда болуп жалпы эл анын ичинде биз да “Альянс Алтын” компаниясынын жүргүзгөн саясатына каршы болуп келгенбиз.

Аталган компания негиздеген “Бакубат Талас” фонду Талас облусундагы ар кандай социалдык долбоорлорду  каржылап, фонддун аркасы менен облустагы бир топ социалдык-экономикалык маселелер  чечилип жатканы жалпы элге маалым болгондон кийин гана элдин компанияга болгон ишеними жогорулады.

Эл менен иштөөдө, “Бакубат Талас” фондунун ишин коомчулукка ачык айкын жеткирүүдө, “Апрель революциясынын баатыры, белгилүү журналист, коомдук ишмер, учурунда ушул фонддун директору болуп иштеген Асылбек  Анарбаевдин (Умар) эмгеги зор болду деп, белгилейбиз. 

Умар Анарбаев, жумушун  ачык-айкын жүргүзүп  фонддун каражаттары кай жакка жумшалып жатканын  бир тыйынына чейин жалпы коомчулукка жана түздөн-түз жетекчилигине отчёт берип жигердүү эмгектенип жаткан. Башкача айтканда, “Альянс Алтын” компаниясы  менен элдин ортосуна  мамилелердин жөнгө салынышына зор салым кошуп жаткан. 

Бирок, тилекке каршы “жылан чакпай, жылкы теппей” эле Умар Анарбаев өз ишин жогорку деңгээлде аткарып жатса дагы “далысына бычак сайышып” Өмүрбек Бабанов өзү кийлигишип, эч себепсиз эле жумуштан алып койду. Көрсө, Өмүрбек Бабановдун кудасын Умар Анарбаевдин ордуна отургузууну көптөн бери көксөп жүргөн экен. 

“Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген Бабановдун мындай куйту саясатына Таластын эли анын ичинде  “апрель баатырлары” нааразыбыз. 

Бабанов Талас облусун каалагандай калчагыдай ал өзү деги ким?!  Акимби, губернаторбу, же Жерүйдүн жападан жалгыз кожоюнубу?! Же Талас облусунун  жетекчисиби?!

Эмне үчүн, кийлигишет?!  Жерүйдө үлүшү бар болсо, мыйзам чегинде келишимдин негизинде пайдага туйтунуп жүрө берсе ким кой деп жатат? 

 Бабанов “Альянс Алтын” ишканасынын ички иштерине кийлигишкенге кандай акысы бар?! 

 Талас облусунун  жетекчилиги, эли менен эсептешпей жана акылдашпай туруп Бабанов өзүнүн кудасы Батыр Качкынбаевди “Бакубат Талас” фондуна  директор кылганга  кандай акысы бар?!

Угушубузга караганда жогорку бийликтегилерге: “Таластын жана “Жерүйдүн маселесин мага койгула, мен  жайгарам дейт экен. Бабанов өзү ким Таласты жайгаргандай? Таласта губернатор деген облус жетекчиси бар, же ал менен эсептешпесе, же эл менен эсептешпесе. Таласка бир чырпык сайбаган Бабановдун кайсыл кадыры бар?! 

Кудасы идиректүү иштесе да бир жөн эле. Ал киши  Бабановдун оозун карап  “өгүз өлбөсүн араба сынбасын” таризинде иш алып барат  экен.  Бабановдун макулдугусуз өзү билип облустун муктаждыгына бир сом которуу да колунан келбеген соң,  мындай мажирөө жетекчинин элге эмне кереги бар?! 

Угушубузга караганда  Б.Качкынбаев учурунда Ө.Бабановдун жеке менчик АКБ “Кыргызстан” банкынын  жетекчиси болуп иштеп, аркасында бир топ калбыр иштер чубалып, Бабанов экөөсү ыркы кетип кайра табышкан экен. 

Ушундан улам азыр элдин арасында нааразычылыктар башталды. Андан көрө, ардактуу эс алууга кетерине бир жыл калган, фонддо жетекчи болуп иштеген Умар Анарбаевди кайрадан  өз ордуна алып келип баштаган иштерин, облустагы элге керек  актуалдуу долбоорлорун аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Анткени, Умар Анарбаевдин ишинде эч кандай кемчилиги, мыйзамга каршы келген жагдайлар болгон эмес.  

“Альянс Алтын” компаниясы жылына 150 миллион сомду элге бөлгөндөн кийин, ал элдин кызыкчылыгына жумшалышы  керек. Умар Анарбаев элдик адам болгондуктан каражатты бир тыйынына чейин калыс бөлүштүрүп эл ичинде  “Бакубат Талас” фондуна болгон ишенимди арттырган. Бул Жерүй кенинин иштешине, облустагы коомдук саясий стабилдүүлүккө зор өбөлгө болгон деп, белгилейбиз!

Демек, Таластын элине бөлүнүп  берилген каражатты Бабанов менен анын кудасы  Батыр Качкынбаевдин   каалагандай калчаганга аталарынын акысы жок да?! 

Белгилей кетчу нерсе Умар Анарбаев акыркы  11-апрель 2021-жылы болуп өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоосуна жана Референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө облус боюнча куратор болуп зор салым кошкон.             

Бир ай бою эл менен түшүндүрүү иштерин алып барып, ар бир райондун борборунда жыйындарды уюштуруп, натыйжада Республика боюнча Талас облусу экинчи орунда болушуна Умар Анарбаевдин эмгеги зор деп, белгилейбиз.

 Андыктан, биз “7-апрель 2010-ж. революциясынын  баатырлары” арабыздан жетекчилик кызматта иштеген жалгыз адам Умар Анарбаевди кайрадан “Бакубат  Талас” фондуна директор кылып  бекитип берүүнү суранабыз жана талап кылабыз. 

Сиздерди, терең урматтоо менен,  

Анарбек Рыскулбеков (Чолпонбай), “Айкөл Ала–Тоо” жарадарлар коомунун Талас облусундагы төрагасы.                             

   20-май 2021-жыл, тел. № 0501  52-63-64

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: