Menu

Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясынын» мурдагы мүчөсү камалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мурдагы мүчөсү, дарыгер Мирзо Хожимухаммад (Мирзокул Хожиматов) камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Абдусалом Дадобоев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Хожимухаммад “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу” айыбы менен 22-майда кармалып, тергөө абагына камалган. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Азырынча тажик бийлиги Хожимухаммаддын кармалышы жана тагылган айыптар боюнча комментарий бере элек.

Тажик жана орус жарандыгына ээ 63 жаштагы Мирзо Хожимухаммад кезинде “Ислам кайра жаралуу партиясынын” Согд облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Жакындарынын айтымында, ал партиянын катарынан 2015-жылы өз каалоосу менен чыгып кетип, 2017-жылга чейин Ашт райондук ооруканасында дарыгер болуп иштеген.

2019-жылдан бери Орусиянын Тюмень облусунда жашаган Хожимухаммад быйыл февралда туугандары менен көрүшүү үчүн Тажикстанга келген. Көп өтпөй бийлик ага каршы Тажикстанда кылмыш иши козголгонун билдирген.

Мирзо Хожимухаммаддын жакындары ага тагылган айыптоолорду негизсиз деп атап, анын тез арада бошотулушун талап кылууда. Уулунун айтымында, сурак маалында атасы саясат менен алектенбей турганын, ислам партиясынын жетекчилиги менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Тажикстандын Жогорку соту 2015-жылы күзүндө “Ислам кайра жаралуу партиясын” экстремисттик деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Андан бери Тажикстанда партиянын жүздөгөн активисттери менен мүчөлөрү узак мөөнөттөргө соттолду.

Бийлик партияны мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода менен көмүскө бүтүмгө барып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптоодо. Партия жетекчилиги бул айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: