Menu

Казакстанда сот чечимдерине нааразы жарандар Жогорку соттун төрагасы менен жолугушууну талап кылышты

Бөлүшүү:

24-майда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында сот чечимдерине нааразы болгон ондогон киши өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Жакип Асанов менен жолугушууну талап кылышты.

​”Жогорку соттун төрагасы жеке өзү бизди кабыл алсын деп талап кылып жатабыз. Азыр дагы бир нече киши келет. Жеке кабыл алмайынча эч кимибиз кетпейбиз”, – деп билдиришти алар.

Казакстандын ар кайсы аймактарынан келген ушул эле жарандар быйыл февралда да президенттик администрациянын алдында пикет өткөрүп, маселелерин чечүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү талап кылышкан. Көп өтпөй президент Касым-Жомарт Токаевдин жардамчысы Тамара Дуйсенова тиешелүү жумушчу топ түзүлгөнүн, анын курамына парламенттин эки палатасынын депутаттары, Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү киргенин билдирген.

Бирок чогулгандар ал комиссия сөз жүзүндө гана түзүлгөнүн, маселелери чечилбегенин билдиришүүдө.

“Президенттик администрациядан биздин ар бирибизге өз-өзүнчө телефон чалып, түзүлдү делген фейк жумушчу топко чакырышкан. Ошол эле маалда ал комиссиянын ыйгарым укуктарын ырастаган бир да документ көрсөтүшкөн жок”, — деди Даутбек Молдабаев аттуу Алматы облусунун тургуну.

Жогорку соттун өкүлү акция катышуучуларына төраганын кеңешчиси чыгып, суроолорго жооп бере турганын билдирди. Бирок чогулгандар буга макул болушкан жок.

“Беш жылдан бери күрөшүп келем, бирок иш жалпы системага жооп бере турган жетекчиликке жетпей койду. Эч кандай жоопкерчилик албай турган кеңешчиси, катардагы кызматкерлери жооп берип келишет. Адамдын тагдыры менен ойнобош керек”, — деди уулу соттолгон Зауре Байтакова аттуу тургун.

Жыйынтыгында чогулгандардын алдына мекеме жетекчилигинен эч ким чыккан жок. Жогорку соттун өкүлү алардын маселесин жетекчиликке жеткире турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: