Menu

Кара-Балтада кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футболдук таймаш болуп өттү

Бөлүшүү:

22-май күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркиндин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча таймаш болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Кара-Блта шаарынын «Манас» спорт комплесинде болуп, ага Чүй облусунун ички иштер органдарынын баардык райондук шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен куралган командалар катышышты.

Спорттук мелдештин ачылышына кызмат учурунда курман болгон Жолдошбек уулу Эркиндин туугандары, Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысы, Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Жайыл РИИБдүн жана башка ички иштер бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.

Жалпысынан оюнга 12 команда катышып, өздөрүн мыкты көргөзгөн командалар байгелүү орундарга ээ болушту. Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Ысык-Ата РИИБдүн командасы жеңип алса, 2-орунга Жайыл РИИБү-2-командасы татыктуу болду. 3-орунга Аламүдүн РИИБдүн командасы чыкса, ал эми 4-орунду Жайыл РИИБү-1 командасы  ээлешти. Байгелүү орундарга жетишкен командаларга медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.  Спорттук беттеште мыкты оюнчу, мыкты чабуулчу, мыкты когоочу жана мыкты дарбазачы наамдары мыкты ойногон кызматкерлерге ыйгарылды.

Эске сала кетсек, милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркинбек 2008-жылдын июль айынын башында кызмат учурунда кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Анын жаркын элесине арналган футболдук турнир жыл сайын Кара-Балта шаарында өткөрүлуп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: