15-июндан тартып Uzbekistan Airways авиакомпаниясы Москвадагы «Домодедово» аэропортунан учууларды уюштура баштайт.
«Мындай чечим биринчи кезекте Uzbekistan Airways каттамдарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга жана ыңгайлуулук менен камсыздоого багытталган», – деп айтылат авиакомпаниянын билдирүүсүндө.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 15-июндан тартып «Внуково» аэропортундагы каттамдар токтотулат.
Бирок Uzbekistan Airways компаниясы тараткан билдирүүдө бул жөнүндө айтылган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ