Menu

Айзаданын өлүмү боюнча биринчи соттук отурум 27-майга дайындалды

Бөлүшүү:

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-майда болот. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Адвокаттын маалыматына ылайык, Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши аны өлтүргөн соң өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу кыскартылды. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Айзаданы 5-апрелде Бишкекте бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач аны футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын кабарлаган.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялар өткөн жана анда милициянын иши сынга кабылган.

Кыздын өлүмү Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”), 161-беренеси (“Зордуктоо”), 170-беренеси (“Адам уурдоо”) жана 175-беренеси (“Никеге туруу максатында ала качуу”) менен иликтенди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: