23-май күнү таңкы саат 08:35те кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти (8848 м.) багындырды. Бул тууралу ал өзү бүгүн, 25-майда видеобилдирүү таратты.
Кечээ, 24-майда мындай маалыматты орус альпинисттери социалдык тармактарга тараткан жана Эдуар Кубатов курамында болгон альпинисттер тобу Эвересттен түшүп келе жатканын билдиришкен.
Бүгүн чокудан базага түшкөн Эдуард Кубатов Эвересттин чокусунан тартылган видеотасмасын социалдык тармактарга жарыялады.
Видео Эдуард Кубатовдуку.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ