24-майда Нур-Султан шаарындагы «Шапагат» базарынын жанында соода кылган 30га жакын аял нааразылык акциясына чыкты.
«Эркин Европанын» казак кызматынын маалыматына караганда, базардын жанында соода кылууга уруксат берүүнү талап кылгандардын акциясы түнкү саат 11де да уланып, катышуучулар эртең менен да кетпей турушкан.
Соодагерлердин айтымында, Сарыарык райондук акимчилиги аймакты «жакшыртуу үчүн» алар соода кылып жаткан жерди бошотууну талап кылууда. Бул маселе былтыр да көтөрүлүп, бирок соодагерлердин нааразылыгынан кийин кайра токтоп калган.
Сарыаркы районунун акими соодагерлерге шаардын башка бөлүгүнөн орундарды сунуштаган. Бирок чогулгандар ал жерде соода аз экенин айтып, сунушту четке кагып жатышат.
Соодагерлер быйыл 16-апрелде да нааразылык акциясына чыгып, акимчилик аларды «жылуу жерден» кууп жатканын билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ