Menu

Аймактарда район акимдери автивдерге тааныштырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын облустарындагы жергиликтүү активдерге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары –акимдери тааныштырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тааныштыруунун жүрүшүндө район башчыларынын ишиндеги негизги багыттар белгиленди, өзгөчө басым аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга жасалышы керек.

Белгилесек, 24-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жаңы дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөргөн, анын жүрүшүндө акимдер алдында турган маанилүү милдеттерди көрсөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: