Menu

МКК: Балдардын паспорту үч жылдык мөөнөткө берилет

Бөлүшүү:

Балдардын паспорту үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

2019-жылдын июль айынан баштап Кыргызстанда республиканын чегинен тышкары чыккан 16 жашка чейинки балдар паспортко муктаж деген норма киргизилген. Ошол убакка чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүккө баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган кошумча кагаз берилген. Эми болсо, 2019-жылдын 6-мартында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “16 жашка чейинки балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү тиркемелерди жүгүртүүдөн чыгарып салуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, КРнын жалпы жарандык паспорту керек.

Бул норма 16 жашка чейинки адамдын башка мамлекетке киришинин милдеттүү талабына байланыштуу дүйнөдөгү акыркы тенденцияларга жараша киргизилген.

Балага төрөлгөндөн баштап эле биометрикалык жалпы жарандык паспорт каттоо мүмкүн. Бул документ 3 жылга жарактуу болот.

18 иш күндүн ичинде берилген жалпы жарандык паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Даяр паспортту ата-эненин бири (өзүнүн паспорту жана баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү менен) же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты бар башка адам ала алат.

Зарыл болуучу документтер:

– анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө – КБМРда маалымат болбогондо;

– 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору;

– ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;

– төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Эскертүү: Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.

Көңүл буруңуз: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда бар болушу эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: