Menu

Кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечегинин маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү cаясий департаментинин директору Улан Жусупов Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту, анын жүрүшүндө кыргыз-француз мамилелерин учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечегинин маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти. Баарлашуунун жүрүшүндө, ушул жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда туруктуу саясий консультацияларды өткөрүү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Кыргыз тарабы ЕБдин жогорку өкүлдөрүн жана Европадагы ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн болжолдуу түрдө 2021-жылы октябрь айында Кыргызстанда өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумуна жигердүү катышууга чакырды. Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун юридикалык базасын толтуруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык маселелерине жана француз компанияларынын ковидден кийинки мезгилдеги Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул сыяктуу жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп турууга макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: