Menu

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.

Бүгүн, 25-майда, Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: