Menu

Өзбекстанда мамлекеттик органдардын кызматкерлерине VPN колдонууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 20-майдан тартып мамлекеттик органдар менен уюмдарда иштеген кызматкерлерге анонимайзерлер менен VPN-сервистерди колдонууга тыюу салынды. Интернет колдонуучулар адатта мындай кызматтарды бөгөттөлгөн сайттарды ачуу үчүн пайдаланышат.

Мындай чектөөнү Коопсуздук кеңешинин жумуш тобу 14-майда кабыл алган.

Маалыматтык технологиялар борборунын кызматкери бул кабарды ырастады. Анын айтымында, мамлекеттик мекемелердин бардыгына жаңы кабыл аланган чечимге байланыштуу билдирүү жолдонгон.

24-майда өкмөттүк УзА маалымат агенттигинин журналисти кеңсесиндеги компьютер менен YouTube жана башка чет өлкөлүк сайттарга VPN аркылуу кире алган эмес.

IT-борборунда иштеген аткаминердин кабарлашынча, ушул айда өкмөттүк бир катар порталдар бузулуп, сайттардын биринчи бетинде бомба табуу оюну пайда болгон. Ал киберчабуул болгонун, буга байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп, жаңы коргоо системасы орнотулганын кабарлады.

Өкмөттүк сайттарды “бузган кишини” тааныган өзбек хакеринин айтымында, порталдарга оюн орноткон адис өкмөттүк серверлердин канчалык алсыз экенин көрсөткүсү келген.

“Чабуул жасаган “Мамараимдин” ким экенин билем, бирок айтпайм. Эмнеге айтпай турганымды билесизби? Бузуу – мыйзамга каршы келет. Бирок мамлекеттик порталдарды коргоосуз калтыруу кылмыш эмеспи?” – деди өзбек хакери.

Анын айтымында, быйыл өзбек хакерлери “эрмек үчүн” өкмөттүк порталдары бир нече жолу бузушкан.

2019-жылы ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Өзбекстан өкмөтүн ЖМКларды бөгөттөөнү токтотууга чакырган. Ушул тапта Өзбекстанда Эркин Европа радиосунун (RFE/RL) сайтын VPN кызматынын жардамы менен гана окууга болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: