Menu

$250 миң пара менен кармалган “Ата-Мекенчи” Улан Жураев 260 миң сом айыпка жыгылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 11-майындагы өкүмү менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелген Улан Жураев КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси 2-п. 3-б. боюнча күнөөлүү деп табылды.

Улан Жураевге 260 миң сом айып пул салынды.

Мелис Аспеков иши боюнча 25-майдагы сот отурумунда жабырлануучулар Дашков, Насыров жана Мурзамидиновдун өкүлү Галия Абдырахманова Улан Жураев тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди. Ушуга байланыштуу, териштирүү кылмыш ишин негизинен каралбастан жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалган. Алар “Кыргыз темир жолу” ишканасын ЖАМК текшерет, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурулат деп коркутуп, акча талап кылышкан.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.

Январь айында Улан Жураев тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, үй камагына чыккан. Ал эми Мелис Аспеков камакта отурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: