Menu

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери стратегиялык башкарууга окутулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн стратегиялык башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатуу уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулган окуу стратегиялык башкаруунун негизги элементтерин, стратегияны ишке ашыруу механизмдерин жана куралдарын өздөштүрүүнү камтыды.

Катышуучуларды стратегиялык пландоонун жана мониторингдин методологиясына жана куралдарына окутушту, билим берүү саясатын ишке ашыруудагы стратегиялык мүнөздөгү документтердин негизги типтери жөнүндө айтып беришти.

Ведомствонун кызматкерлери натыйжага багытталган стратегиялык башкаруунун негизги мамилелери, мамлекеттик саясаттын цикли, заманбап мамлекеттик башкаруунун чакырыктары, билим берүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди ишке ашырууну башкаруу системасындагы мониторингдин жана баалоонун орду менен таанышышты.

Катышуучулар жеке тажрыйбалары менен алмашышты, практикалык сабактардын жүрүшүндө коюлган милдеттен улам өзгөрүүлөрдүн логикалык алкактарын түзүүгө, процесстин индикаторлорун натыйжадан айырмалоого үйрөнүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле стартегиянын максаттарына жетишүү үчүн иш-чараларды пландоо процессинин ролу жана мааниси талкууланды, КР Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин натыйжаларды пландоо, натыйжанын индикаторлорун иштеп чыгуу, стратегиялык документтерди мониторингдөө жана баалоо системасын түзүү боюнча билимдери жогорулатылды.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: