Бүгүн, 26-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 207 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 102, Ош – 8, Чүй облусунан – 40, Ош облусунан – 8, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 11, Баткен – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 103 207 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 332 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 96 765ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 230, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 51, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 25, Жалал-Абад облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 3, Талас облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1773кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ