Бишкек – Ош унаа жолунда Суусамыр өрөөнүндө MAN жүк ташуучу унаасы менен Toyota Camry унаасы кагылышты. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 7:00 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, төрт адам каза болгон. Учурда кырсык болгон жерде Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ