Menu

Токмок шаарыда бир нече уурулук кылмышына шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылышып, үйүнөн тиричилик техникасын, зер буюмдарын, акча каражаттарын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени тууралуу билдирип келишкен.

Жазылган арыздар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери колго алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө уурулук кылымыштары көбүнчө үйдө эч ким жок учурларда, үйлөрдү ачуу жолу менен жасалып, ноутбук, электр жабдуулары, зер буюмдар жана акча каражаттары уурдалганы такталып, жасалган кылмыштар бири-бирине окшоштуктары байкалган.

Жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип, 1997-жылы туулган Ж.И. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан камалган жарандын Токмок шаарынын аймагында 11 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: