Menu

Прокуратура: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктары калыбына келтирилди

Бөлүшүү:

Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кресло-коляскалар менен камсыз болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдарга ылайык, ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, кыймылы жабыркаган адамдарга мамлекет тарабынан кыймылдап-жылып турууга керектүү техникалык каражаттар берилүүгө тийиш.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган көрсөтүлгөн категориядагы 5 бала көп убакыттан бери кресло-коляска менен камсыз болбогондугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саламаттыкты чыңдоо мекемелерине жолдомо алуусу боюнча кыйынчылыктар орун алып келгендиги аныкталган.

Алардын укугун коргоо максатында, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына прокурордук чара көрүү акты келтирилген. Аны кароонун  жыйынтыгы менен 5 майып бала кресло-коляска менен камсыз болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 10 адам курорттук-санаторий мекемелерине жолдомо алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: