Бишкек – Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) “Тайота Камри” менен “МАН” оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсыктын кесепетинен “Тайота Камри” унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон.
Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ