Menu

Абактан качууга аракет кылгандардын бирөө өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка караштуу №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирөө өлтүрүлдү.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

25-майдан 26-майга караган түнү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1963-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тосмодон секирип, качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач абага ок аткан. Кийин ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөө каза болуп, экинчиси кармалган.

Экөө тең адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо боюнча оор кылмышка айыпталып, он жылдан 21 жылга чейин мөөнөткө камалгандар болгон.

Ыкчам тергөө тобу качууга аракет кылган учурду иликтей баштады. Окуя кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине катталды.

Молдовановка айылындагы №27 колонияда оор кылмыш жасагандар, террорчулукка айыпталгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: