Menu

Тажикстанда COVID-19 жуктурган жаңы учурлар катталганын кабарлаган аткаминер иштен алынды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Согди бөлүмүнүн башчысы Абдумавлон Абдуллозода кызматтан алынды. Бир апта мурун ал облуста COVID-19 жуктурган жаңы учурлар катталганын кабарлаган. Тажик бийлиги январда коронавирус инфекциясын толугу менен жеңгенин жарыялаган болчу.

19-майда Абдумавлон Абдуллозода Сауд Арабиясынын 47 жаштагы жараныны коронавирус белгилери менен Хожент шаардык инфекциялык ооруканасына жаткырылганын маалымдаган. Анын айтымында, саудиялык менен байланышта болгон мейманкананын үч кызматкери да карантинге алынган.

Согди облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгы 19-майда акыркы аптада 4 киши коронавирус шеги менен ооруканага жаткырылганын, 15 кишиден пневмониянын белгилери табылганын тастыктаган. Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги Душанбеде 3 киши “өпкөсүндөгү маселелерге байланыштуу” дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын, COVID-19га тапшырган тесттери терс чыкканын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылып жатып, өлкө коронавирусту толук жеңгенин айткан. Бирок ал муну менен катар адамдар санитардык-гигиеналык эрежелерди так сакташы керек экенин эскерткен.

Расмий маалыматтар боюнча сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 миңден ашык адамга жуккан. Анын 90у көз жумган. Бирок соцтармактардан топтолгон расмий эмес маалыматтар 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин кеминде 450 тажикстандык коронавирустан каза болгонун көрсөтөт. Ушул тапта Тажикстанда 70 миңден ашуун киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: