25-май күнү кечинде «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын Караганды облусундагы металлургиялык комбинатындагы кырсыктан эки жумушчу жаракат алды.
— Конвертордук цехте эритилген чоюн төгүлүп, жалын пайда болгон. 20 чарчы метр аянтка жайылган өрттөн эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди, — деп билдирди облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти.
Бийлик кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады.
Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, реанимациялык бөлүмдөн күйүк бөлүмүнө которулган жумушчулардын абалы азыр оор деп бааланууда.
Бул аталган компанияга тишелүү ишканаларда жумушчулар жаракат алган алгачкы кырсык эмес. Быйыл мартта «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык жылуулук электр борборундагы ширетүү иштери маалында жарылуу болуп, эки жумушчу жаракат алган. Кийин алардын бири каза болуп калган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ