Menu

Кемин районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Кемин районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 7-май күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Чым-Коргон айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анын үйүнөн белгисиз бирөө 16000 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1988-жылы туулган Токмок  шаарынын жашоочусу К.Н. аттуу жаран кармалган.

Андан сырткары, Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Чым-Коргон айылына жакын жайгашкан каналдын темир тетиктерин уурдоого шектелип, 1991-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран кармалган. Ал боюнча Кемин РИИБнө жергиликтүү иш-каналардын биринин өкүлү арыз менен кайрылып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: