Menu

Ноокенде өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ноокенде өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 19-май күнү саат болжол менен 13:00 чамасында 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда азиат келбетиндеги жашы болжол менен 30-35 чамасында болгон белгисиз киши, алдоо жолу менен кулагындагы 12000 сомдук сөйкөсүн чечип алып кетип калгандыгын билдирген.  

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, Ноокен РИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырма берилген. Анын негизинде Ноокен жана Сузак РИИБдеринин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, мурда бир нече ирет соттолгон Базар-Коргон районунун тургуну 1981-жылы туулган М.У. кармалган. Бул аталган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 жаш өспүрүм кыздардын алтын сөйкөлөрүн чечип алып изин жашырып кеткендиги боюнча маалыматтар билинди.

2021-жылдын 25-май күнү шектүү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул окуянын бети ачылган соң арыздануучу айым милицияга ыраазычылык билдирип, каалоо тилектерин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: