Menu

Тажик ТИМи жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды

Бөлүшүү:

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

Жеке адамдарга жана транспорттун бардык түрү менен жүргүнчү же жүк ташыган ишкерлерге Кыргызстандын аймагынан эмес, транзит үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтчү маршруттарды колдонуу кеңеши берилет.

Министрлик ошондой эле Кыргызстандын аймагында укуктары бузулган жарандары үчүн атайын телефондор иштеп жатканын эскертти.

25-майда Душанбеден Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран артка жөнөтүлгөн. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганы менен түшүндүрдү.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына киришине, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” коюлган.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын ар кайсы аймактарына учуп турушкан.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык , анын ичинде эки жаш бала курман болгон. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: