Menu

УКМК: Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюулду

Бөлүшүү:

 Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, жана ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан, майнинг-фермасынын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, экинчиден электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери аныкталды.

Аталган факт КР УКМК сотко чейинки өндүрүшүнө катталды. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган: 

-Чүй областы, Ысык-Ата району, Дружба айылы; 

-Бишкек шаарынын, Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

– Бишкек шаарынын, Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;

– ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;

– Бишкек шаардык “Фрунзе” заводу, Интергельпо көчөсү;

– Бишкек шаарындагы, Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик объект.

Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: