Бүгүн, 27-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 376 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 238, Ош – 17, Чүй облусунан – 66, Ош облусунан – 14, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 21, Жалал-Абад облусунан – 9, Баткен – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 103 583 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 386 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 97 151ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 271, Ош шаарынан – 9, Чүй облусунан – 67, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 11.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1781ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ