Menu

Фото – УКМК: Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча, коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, С.А.Э. мэрияда жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз байыуу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барып, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, С.А.Э. мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилиренген филиалдарына таандык, жана ошондой эле курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө, ыйгарым укуктары менен, муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен курулуш компанияларынын өкүлдөрү тарабынан көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган. 

Бул коррупциялык схеманын натыйжасында, С.А.Э. активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион АКШ долларына бааланган. 

2021-жылдын 26-майында коррупцияга шектелген С.А.Э. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ушул кылмышты жасоого катышкан адамдарды жана алар тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Кыймылсыз мүлктү ижарага берген «Центр Офис» компаниясы;

«Финанс кредит курулуш» микрокредиттик компаниясы;

«Жаңы шаар» (Новый город) компаниясы;

«Папа Карло» компаниясы;

Sphere KG компаниясы;

«Борбор курулуш» ЖЧКсы, фирманын аталышы: “Борбор”, “Борбор плюс”

«Ливерпуль» ЖЧсы;

«Ак-Нан» ЖЧКсы;

“Поларис Групп” ЖЧКсы;

«Юрист Риэлт Строй» ЖЧКсы;

«Самолет» ЖЧКсы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: