Menu

Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Бөлүшүү:

28-30-апрель күндөрү, Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси жана колдоосу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уюштуруусу астында эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат.

Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.

Балдарды КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатып, аларга көңүлдүү эс алуу каалашты. Балдар бүгүн Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: