Menu

Марлен Маматалиев: “БШКнын айрым мүчөлөрү доллардын кулдары болуп калыптыр”

Бөлүшүү:

Депутат Марлен Маматалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү доллардын кулдарына айланды деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, бир айдын ичинде президент бир катар жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоону дайындашы керек.

“Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо кайрадан өткөрүлгөнү жатат. Президент бир айдын ичинде жарлык чыгарышы керек. Кийинчерээк парламенттик шайлоо өтөт. Эки шайлоону биргеликте өткөрүүнү сунушун айтам. Анткени, биринчиден каржы бир аз болсо да үнөмдөлмөк. Экинчиден, жайында бул шаарларда эл жок болот, реалдуу шайлоо болбой калышы мүмкүн. Эл дагы шайлоодон тажап калды. Үчүнчүсү, бир айдан кийин БШКнын курамы толугу менен өзгөрүшү керек. Шайлоо дайындалса, ошол мезгилде БШКнын курамы өзгөрүп жатса, анда кандай болуп калат? Бардыгы башаламан болуп калышы мүмкүн. Ансыз деле, БШКнын айрым мүчөлөрү Франклиндин кулдары болуп калыптыр. Ал жерде кандай махинациялар болуп жатканын көрүп жатабыз го” – деди депутат.


Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: