Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 11-майындагы өкүмү менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелген Улан Жураев КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси 2-п. 3-б. боюнча күнөөлүү деп табылды.
Ага ылайык, Улан Жураевге 260 миң сом айып пул салынды.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Биринчи Май соту Улан Жураев 2020-жылдын ноябрь айында Мелис Аспеков менен сүйлөшүп алып, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковду “кызматтан кетиребиз” деп коркутуп баштаганын аныктады. Маселени чечүү үчүн ал Дашковдон президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын кызыкчылыгы үчүн 200 миң доллар талап кылган.
Дашков уулу Г.Мирзомудинов менен С.Носировдун досторунан 200 миң доллар алган. Алар Улан Жураевге акчаны бир нече бөлүк кылып беришкен:
– 2020-жылы 24-ноябрда Мирзомудинов Жураевге 100 миң доллар берген;
– 2020-жылы 26-ноябрда Мирзомудинов Жураевге 50 миң доллар берген;
– 2020-жылы 27-ноябрда Мирзомудинов айдоочусу И.Газиев аркылуу Жураевге 50 миң доллар берген.
Сот тарабынан аныкталган фактыларга ылайык, акча каражаты келип түшкөн күнү Улан Жураев акчаны Мелис Аспековго дароо берип турган.
200 миң долларды алгандан кийин Жураев менен Аспеков Дашковдон кошумча 50 миң доллар талап кылып, болбосо “кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жумуштан кетесиң” деп коркутушкан. 2020-жылдын декабрь айында Василий Дашков кайрадан уулунун досторунан акча алып, алар аркылуу У.Жураевге берген. Жураев болсо Аспековго өткөрүп берген.
«Ошентип, Улан Жураев КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-б 2-п. “опузалоо” боюнча шектелүүдө. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Башкы прокуратуранын прокурору менен шектүү У.Жураевдин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Сот бардык талаптар аткарылды деген бүтүм чыгарды. Жураевге зыян келтирген деп айып тагылбагандыгына байланыштуу, сот В.Дашковдун өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты”, – деп жазылган соттун материалдарында.
Январь айында Улан Жураев тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, үй камагына чыккан. Ал эми Мелис Аспеков камакта отурат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ