Menu

Кыргыз-казак чек арасы: “Ак-Тилекте” 80дей автоунаа кезекте турат

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлагандай, 27-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн 80дей автоунаа кезекте турат.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай узун тыгын экономика жанданып оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйүшүнө дагы байланыштуу. Негизинен Кыргызстандан коңшу мамлекетке, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жана Европага жашылча-жемиш ташылып жатат.

Чек ара кызматы Казакстандын жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандарына, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын кыргыз тарапка өтүүсүнө эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жок.

“Ак-Тилекте” кезек күткөн айдоочулар “Эркин Европанын” кабарчысына бекетте 26-майдан бери турушканын, алар ПЧР тесттин 72 сааттык мөөнөтү өтүп кетсе кайра артка кайтарыларын айтып беришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: