Menu

Самаркандда аялын кетмен менен өлөрчө сабаган тургун 18 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун Пайарык районунда аялын кетмен менен өлөрчө сабаган тургун 18 жылга соттолду. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жубайлар үйдүн ремонтунун узакка созулуп кеткенине байланыштуу урушуп кетишкен. Анын жүрүшүндө аялы кетмендин сабы менен күйөөсүн далыга чаап жиберген. Бул намысына тийгенин билдирген күйөөсү кетменди тартып алып, аялын чекеге урган. Ал жубайынын жыгылып калганына карабастан аны кетмен менен сабоону токтоткон эмес.

Андан соң кайын атасынын үйүндө жашап жаткан 30 жаштагы тургун качып кеткен. Аялдын жакындары аны ооруканага жеткиришкен, бирок ал өзүнө келбей каза болуп калган.

Көп өтпөй маркумдун күйөөсү райондук ички иштер бөлүмүнө өзү барып, аялын сабаганын мойнуна алган. Райондук сот аны жубайынын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: