Menu

Жүргүнчүлөрдүн нааразылыгынан кийин Душанбеден Орусияга бир нече каттам аткарууга уруксат берилди

Бөлүшүү:

Душанбе эл аралык аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн нааразылыгынан кийин тажик бийлиги «Северный ветер» авиакомпаниясына Орусиянын бир нече шаарына каттамдарды аткарууга уруксат берди.

Аэропорттун басма сөз кызматы 27-май күнү кечинде Иркутск жана Казан шаарларына учактар учканын билдирди. Санкт-Петербург шаарына каттам бүгүн аткарылат деп күтүлүүдө.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, алар колдорунда билеттери бар экенине карабастан, бир жумадан бери Орусияга учуп кете албай жатышат. Шаршемби күнү чогулгандар менен жолуккан Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы бул маселени чечүүнү убадалаган.

Орусиялык «Северный ветер» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүнүн аэропорттогу нааразылык акциясы 26-май күнү түштөн кийин башталып, дээрлик эки саатка созулган. Аэропорт жетекчилиги тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлерин чакырган.

Өткөн жумада Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги билет бааларынын жогору экенине байланыштуу «Северный ветерге» берилген лицензияны чакыртып алган. Авиакомпаниянын расмий өкүлдөрү бийликтин мындай айыптоосун четке кагып, алар билеттерди белгиленген суммадан жогорулатпаганын билдиришкен.

Тажикстан менен Орусия 1-апрелден тартып туруктуу аба каттамдарын калыбына келтиргенин жарыялаганына карабастан, жарандар авиабилеттердин кымбаттыгына жана сатып алган билеттери менен учуп кете албай жаткандыктарына даттанып келишет.

Бүгүнкү күнгө карата Тажикстан менен Орусиянын ортосунда каттамдарды аткаруу укугуна «Сомон Эйр», «Урал аба жолдору», UTair, «Сибирь» жана «Ямал» авиакомпаниялары ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: