Menu

Министрлер Кабинетинде «Мектеп лигасы» долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында «Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасы» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу маселелери талкууланып, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан командалардын Мектеп лигасына катышуусу үчүн ыктыярдуу негизде стартык төлөмдөр маселеси боюнча пикир келишпестиктер алынып салынды. Билим берүү жана илим министрлигине бир күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасын өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун жактыруусу жана жаңы окуу жылдын башталышында Мектеп лигасына старт берүүсү тапшырылды.

Ошондой эле тиешелүү органдарга республиканын алыскы аймактарындагы мектеп командаларын долбоорго тартуу боюнча ишти күчтөндүрүүсү тапшырылды.

Белгилүү болгондой, «Мектеп лигасы» долбоору республиканын аймактарында спорттун мектептик командалык түрүн жайылтуу үчүн маанилүү. Келечекте мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү эл аралык мектептер аралык таймаштарга катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: