Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясын жетектеген Илим Карыпбеков президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кечээ күнү мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды. Видеокайрылуусун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, партия кайрадан шайлоого даярданууда жана партиянын ичинде көптөгөн маселелер, анын ичинде талапкерлердин тизмеси талкууланууда. Азиз Суракматов партиянын штабынын башчысы бойдон калууда.
“Азиз Суракматов мурда жашынган эмес жана жашынбайт. Бул адам мыйзамдын чегинде өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдей алат деп ишенебиз. Ошондуктан, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранам”, – деди Илим Карыпбеков.
Белгилей кетсек, Азиз Суракматов кечээ, 26-май күнү коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ