Menu

Назарбаев Түркстанда өзүнө эстелик орнотуу сунушун колдогон жок

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкүбай экс-президент өзүнө жаңы эстелик коюу сунушун колдобогонун айтты.

Буга чейин эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Билал Чакыжы Түркстан облусуна Назарбаевдин айкелин орнотууну демилгелеген.

“Мурункулары сыяктуу бул идеаны да элбашы (Казакстандын мурдагы президентинин расмий титулы – Ред.) колдобойт. Ага эстелик коюу, архитектуралык объектилерге атын ыйгаруу сыяктуу “сыйлыктар” жакпайт. Нурсултан Абишевич мындай көңүл буруу аракеттери өзүнө кажет эмес экенин айтып келет. Кээ бир кишилер атайлап ушундай маалыматтык чуу жаратып жаткандай сезилет. Ал буга чейин өз ысымын университет жана интеллектуалдык мектептерге берүүгө гана макул болгон”, – деди Укибай.

Буга чейин айрым эксперттер Түркстанда эстелик Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү – 6-июлда орнотулушу ыктымал экенин божомолдошкон.

2019-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баш калаа Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары борбор шаардагы эл аралык аэропорттун аталышы дагы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн бир катар облус борборлорундагы ири көчөлөргө берилген. Казакстанда анын бир нече эстелиги тургузулуп, сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: