Menu

Анжиян облусунунда депутаттар Мирзиёевге даттанышты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Анжиян облусунун шаардык жана райондук кеңештеринин бир топ депутаты президент Шавкат Мирзиёвге видеокайрылуу жолдоду. Алар мамлекет башчысынан Анжиян акими менен прокурорун сынаганы үчүн куугунтукка учураган депутат Шухрат Каримовдун ишине көңүл бурууну сурашкан.

“Айрым кызмат адамдары депутаттарга басым көрсөтүүдө жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кол тийбестигинин одоно түрдө бузулушуна көңүл бөлүнбөй жатат” деп айтылат видеокайрылууда.

17-майда акимдин мыйзамсыз чечимдерине каршы чыгып, Анжиян шаарынын прокурорун аттестациядан өткөрүүнү талап кылган депутат кол тийбестигинен ажыратылганы айтылган.

20-майда Өзбекстандын башкы прокуратурасы депутат Шухрат Каримовго карата кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Ал жалган документ жасоого жана өзүм билемдикке айыпталган.

Ошол эле маалда Өзбекстандын Юстиция министрлиги депутатты тинтүү жана анын ишине жолтоо болуу мыйзамсыз экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: