Menu

Президент Садыр Жапаровдун Чек арачылар күнү менен куттуктоосу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Чек ара кызматынын урматтуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек арачылар күнү менен куттуктаймын! Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби ары татаал, ары жооптуу. „Чептен эрдин күчү бек“ демекчи, чек арачы болуу — Мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.

Чек ара — адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак. Сиздердин кызматка кесипкөйлүк талаптары гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана өз милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.

2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Кубанычов Эсентурдун, прапорщик Юлдашев Бекзодбектин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат.

Ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, элдердин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек.

Бүгүнкү күндө мамлекет жана коомчулук Чек ара кызматына кесипкөйлүктүн жаңы бийиктигине, жогорку мобилдүүлүккө жетишүү, өлкөгө террордук, экстремисттик жана башка кылмыш элементтеринин кирүүсүнө жол бербөө милдеттерин коёт.

Чек арачылардын өз кызматын ийгиликтүү өтөп жатышы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга өз учурунда жооп кайтарууга, ошондой эле аймактарда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоого зарыл шарттарды түзөт.

Урматтуу чек арачылар!

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде« дегендей, мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөндөрдүн катарында өмүрү кылдын учунда турса да, ыйык милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим-жерим деп соккон чыныгы эр азаматтар көп. Кыргызстан эли сиздер менен сыймыктанат!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык, Ата Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: